11.06.2018 09:30

«Апрель» телеканалында жаңы долбоор эфирге чыгып баштайт

«Апрель» телеканалында жаңы долбоор эфирге чыгып баштайт

Ушул аптадан баштап, «Апрель» телеканалында «Не сахар» долбоору эфирге чыгып баштайт.  April.kg кабарчысы долбоордун автору Эрулан Кокулов менен долбоор жана анын максаты тууралуу маек курду.

- Эмне үчүн «Не сахар»? 

- Ар кандай варианттар болгон чынын айтсам...Оюма көп нерселер кирген...Бирок, редакция менен кеңешип жатып, ушул аталышка токтолдум.

- Бул долбоорду эмне себептен баштап калдың жана максаты эмнеде?

- Буга өзүмдүн башымдан өткөн окуя себеп болду окшойт. Бир жолу туулган күнгө чоң торт сатып алгам. Ичин ачсак эле көгөрүп бузулуп кетиптир. Кайра дүкөнгө алып барсам, «бизге эмес, тортту жасаган фирмага бар» деп кабыл албай коюшту.  Ал фирмага чалсам дүкөнгө шылтап,  айтор ызы-чуу болгонбуз. Соода кылгандар биздин өз укугубузду билбегенден көп учурда пайдаланып кетишет. Андыктан, ошол окуядан кийин керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоону чечтим. Мен да керектөөчүмүн. Жана мага окшош башка керектөөчүлөрдун укугун коргоп, дүкөн ээлери өздөрүн керектөөчүлөргө карата туура эмес алып жүргөн учурларда эмне кылуу керектигин  айтып бергим келет. Эң негизги максатым ушул. 

- Ошондо бир гана азык-түлүктөргө тиешелүү текшерүүлөрбү? Же болбосо башка да багыттар каралганбы?

- Азырынча азык-түлүк саткан дүкөндөрдү текшерип жатабыз. Бирок, келечекте булар менен гана чектелип калбайбыз. Кийим саткан бутиктерден баштап,  бут кийим саткандарга чейин камтыйлы деген ой бар.

- Кантип текшересиздер? Эмнеге биринчи ирет көңүл бурасыздар? Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен  кызматташасыздарбы??

- Бизде эмнегедир ишкерлер керектөөчүлөр менен эсептешпеген көрүнүш калыптанып калган. Алар кандай жол менен болсо да товарын сатышы керек. Бир гана өз кызыкчылыгын ойлогондор.  Ал эми керектөөчүлөр ишкерлерге көз каранды. Мен өз алдынча интернеттен “Керектөөчүлөрдүн укуктары” жана башка тийиштүү маалыматтарды изилдеп окучумун. Бирок баари бир дарыгер болбогондон кийин, адиске кайрылдым. Сан эпидем көзөмөл борборунун дарыгерлери менен тыгыз кызматташабыз. Мен билбегенди алардан сурайм. Дарыгерлер бизге азык кандай шартта сакталышы керек, сактоо мөөнөтү, нормасы тууралуу маалымат беришет. Алар да бул долбоорго кызыкдар. Анткени, өлкөбүздө керектөөчүлөрдүн укугу корголгондой эле  “Ишкерлердин ишмердүүлүгүн коргоо мыйзамы”  да бар. Ошол себептен санэпидемстанциянын объектини бир жылда, бир эле жолу текшергенге акысы бар. Ошондо да график менен жазылып, ар бир ишкер кайсы маалда текшерүү келерин интернеттен билип алса болот.  Алдын ала кабарлоосуз, орусча айтканда “Вне плановый” текшерүүлөрдү жасаганга укуктары жок. Бир гана арыз аркылуу гана көзөмөлдөөчу органдар текшерүүгө акысы бар. Бул жагынан биз да алардын ишин улантып, жардам берип жатабыз десем болот. 

- Дүкөндөрдү кантип тандайсыздар? Бир супермаркеттин кызматкерлери менен болгон окуя эсибизде...

- Чыгармачыл топ менен машинада кетип баратып эле, көзгө көрүнгөн, эл көп кирген дүкөндү тандайбыз.  Жогоруда сиз эскерип кеткен "Бета Сторес 2" да  ушунтип тандалган. Негизи,  журналисттик ишмердүүлүктү тыюуга эч кимдин укугу жок. Биринчи жолу болгондуктан, жаңжалды өтө тереңдетпей, дүкөндүн өкүлдөрү менен тынч чечишип алдык. Болбосо, олуттуу статья менен соттолушмак. Ызы-чуу аяктагандын эртеси 17-майда, кайра текшерүү менен баргам (күлүп).. Өзүлөрүнө деле айткам, мен текшерем..Баштаган ишимди аягына чыгарам. Беттегенимен артка кайтпайм. Муну башка дүкөндөргө да айткым келет.

-  Сөздүн акырында, "Апрель" телеканалына кантип келип калганыңызды айтып берсеңиз?

- Өзүмдүн кесибим - экономист. Бирок, керектөөчүлөрдүн укугун коргойм деп, блогер болдум. Өзүмдүн ютуб каналым бар. Ал жерде да ошол эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойм. Бир күнү видеолорумду көтөрүп алып редакцияга өзүм бардым. Максатымды түшүндүрдүм.  Жаш,  күчкө толуп турган коллектив  мага ишенич көрсөтүп, өз катарына алды десем болот. 

- Берүүнү көрүүчүлөр качан көрө алышат? 

- Жумасына эки жолу: дүйшөмбү, саат 19:10до жана ишемби, саат 20:55те  "Апрель" телеканалынан көрүшсө болот.