13.08.2019 17:51

«Апрель» телеканалынын жетекчиси УКМКга чакырылды

«Апрель» телеканалынын жетекчиси УКМКга чакырылды

«Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложниковду бүгүн, 13-августта саат 16:30га УКМКга чакырышты. Бул туурасында жетекчи April.kg порталына билдирди.

Мекемеден Ложниковду суракка эмес, 7-8-августта болгон окуяларда көргөн-билгенин айтып берүүгө чакырып жатышканын айтышкан. "Мен ал күндөр боюнча көп нерсе айтып бере алам деп ойлобойм. Анткени, дал ошол убакта мен телеканалда болчумун, каналдын иши менен алек болуп аткам. Азыр эми киргени жатам, көрөбүз да", - деп билдирди Дмитрий Ложников.