08.05.2018 08:31

Араван-Сай дайрасында узундугу 50 метр болгон жаңы көпүрө ишке берилди

Араван-Сай дайрасында узундугу 50 метр болгон жаңы көпүрө ишке берилди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Араван районундагы Араван-Сай дайрасындагы жаңы көпүрөнүн ачылышына катышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти. 

Узундугу 50 метрди, ал эми туурасы 14 метрди түзгөн жаңы көпүрөнү куруу иши 2017-жылы май айында башталган. Кеткен чыгым 16,5 млн сомду түздү.

Өкмөт башчы быйылкы региондорду өнүктүрүү жылында айыл тургундарынын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө көңүл бөлүнөөрүн билдирди.  

Ошондой эле, 2016-жылы Араван районуна жумушчу сапары менен келгенин эске салып, аймак көйгөйлөрүн жакындан билерин айтты.  

«Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда аталган көпүрөнүн долбоорун бекиткен. Азыркы тапта республикадагы көпүрөлөрдүн курулушу жана реконструкциясы Өкмөт тарабынан жол инфраструктурасын жана логистиканы өнүктүрүүнүн негизги фактору катары каралып жатат. Жол инфраструктурасын жакшыртууда региондор үчүн чоң келечек ачылат. Мен транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү товарларды эркин ташууга жана алардын наркынын төмөндөшүнө алып келет деп ишенем», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.