21.06.2018 18:17

Арча-Бешик жана Ак-Ордо тургундарынын үйлөрүн тоноп жүргөн жаран кармалды

Арча-Бешик жана Ак-Ордо тургундарынын үйлөрүн тоноп жүргөн жаран кармалды

Арча-Бешик жана Ак-Ордо жаңы конуштарындагы үйлөргө ууруга кирип жүргөн адам кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББнан билдиришти. 

2018-жылдын июнунда аталган конуштун тургундарынан үйлөрүнө ууру кирип, үй оокаттарын көтөрүп кетип жаткандыгы тууралуу арыз түшкөн.

Бул факт Ленин районунун ИИБсында катталып, 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кармалды.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери уланууда. Шектүүнүн мындан башка да уурулукка тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.