02.11.2018 16:13

Арыктын жоктугунан Дэн Сяопин жана Шиш-Төбө көчөлөрүнүн кесилишин суу каптоодо

Арыктын жоктугунан Дэн Сяопин жана Шиш-Төбө көчөлөрүнүн кесилишин суу каптоодо

Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин жана Шиш-Төбө көчөлөрүнүн кесилишинде арыктын жоктугунан жолдун баарын суу каптап жатат. Бул туурасында шаар тургуну Алтынбек Биялиев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жолду жасагандар арык салганды унутуп калышкан. Мындан улам, ал жерде узундугу 150 метрге жеткен көлчүк пайда болгон.

«Мунун баары кайсы бир келесоонун арык салынбаган жолду колдонууга берип койгонунан болуп жатат. «Тазалыктын» жумушчулары көлчүктү кечип жүргүсү келбей, жана авариялык абалды түзүп жаткандарын ойлонбой, таштанды салган челектерди жолдун унаа өтүүчү бөлүгүнө чыгарып коюшту. Тургундар дагы суу кечкиси келбей таштандыны баскетболчулар торго топ ыргыткандай эле алыстан ыргытышат, бирок, баары эле Жордан эмес да. Тамакты жерден тандап жеп, иттер өзүнчө бактылуу. Суу болсо, акырындан асфальтты бузуп жатат. Болгону бизге эле оор болууда, кайра-кайра салык төлөп», -деп жазат жаран.