03.09.2018 11:34

«Арзу» кафесинде чыккан өрттөн 2 миң чарчы метр аянт күйдү

«Арзу» кафесинде чыккан өрттөн 2 миң чарчы метр аянт күйдү

Лебединовка айылындагы «Арзу» кафесинде чыккан өрттөн 2 миң чарчы метр аянт күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Алардын айтымында, тилсиз жоодон эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн себептери такталууда. «Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, өрт ашканадан чыккан. Так себебин  эксперттер 10 күндөн кийин айтышат», —  дешти мекемеден.

Эске салат кетсек, 1-сентябрда «Арзу» кафесинде өрт чыккан.