07.05.2019 13:29

«Асфальтын сыйрып таштаган бойдон». Ысык-Көл облусунун тургундарынын нааразычылыгы

«Асфальтын сыйрып таштаган бойдон». Ысык-Көл облусунун тургундарынын нааразычылыгы

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бир ай мурун асфальты сыйрылып ташталган жол ошол боюнча жатат. Бул туурасында April.kg порталына облус тургуну билдирди. 

Анын  айтымында, апрель айынын башында жергиликтүү бийлик Түп районунан Каракол шаарына кирүүчү көчөнү оңдойбуз деп жаап салышкан. 

«Бир айдан бери Түп районунун эли шаарга айланма жол менен кирип-чыгып атабыз. Ал жол таштак, чаңы асманга сапырылат. Оңдойбуз деп жаап салышкан Кыдыр-Аке көчөсү 1,5 чакырымга созулган көчө. Иш жаңы башталганда катуу киришип, жакшы иштеп жаткандай көрүнүшкөн. Асфальтын сыйрып салгандан кийин токтоп калды. Качан иш жанданат, качан бүтөт белгисиз. Жергиликтүү бийликке үнүбүз жетпей жатат. Ортодо биз, карапайым эл кыйналып жатабыз», -дейт окурман.