03.04.2019 10:29
Асылбек Жээнбеков КСДПнын катарынан чыкты
© КР Жогорку Кеңешинин маалымат кызматы
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков КСДПнын катарынан расмий түрдө чыгаарын, бирок социал-демократтар фракциясынын депутаты болуп кала берерин жар салды. Бул туурасында ал бүгүн парламенттин отурумунда билдирди.
Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан чыкканын, бирок мандатын тапшырбай турганын айтты. Анын айтымында, өлкөдөгү саясий абалдарга кайдыгер карабаган жаран катары КСДПнын катарынан чыгууну чечкен. «Мен өмүр бою КСДПнын мүчөсү катары калам деп үмүттөнгөм. Бирок, азыр кырдаал өзгөрүп кетти. Депутаттык ишмердигимди уланта берем», — деди Асылбек Жээнбеков.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: