03.04.2018 09:27

Аскарбек Шадиев Бейжинде кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынына катышты

Аскарбек Шадиев Бейжинде кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынына катышты

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бейжин шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынына катышты.

Жыйында комиссиянын тең төрагасы Аскарбек Шадиев эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү акыркы жылдары туруктуу жогорулоо тенденциясына ээ экенин билдирди.

Кытайдын коммерция боюнча министринин орун басары, Комиссиянын тең төрагасы Фу Цзыин Кыргыз Республикасы Кытай үчүн инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар, маанилүү өнөктөш болуп саналарын баса белгиледи.

Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы бир нече багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Протоколго кол коюлду. Тактап айтканда, тараптар транспорт жаатында жагымдуу шартарды түзүү, эки тараптын айдоочулары үчүн тоскоолдуктарды жаратып жаткан факторлорду жоюу боюнча келишишти.

Ошондой эле,  эркин экономикалык зоналар аймагында, кыргыз-кытай автоунаа жана башка тиричилик техникаларды чогултуучу заводдорду  салуу тууралуу макулдашылды.