26.03.2018 11:25

Аскарбек Шадиев: Өкмөт Бангладеш менен текстиль жаатында кызматташууга кызыкдар

Аскарбек Шадиев: Өкмөт Бангладеш менен текстиль жаатында кызматташууга кызыкдар

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бангладеш Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Масуд Маннан менен жолукту.  Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан Бангладеш менен соода-экономикалык жаатта эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү ниетинде экенин айтты. 

 «Жеңил өнөр жай биздин өлкөдө ата мекендик экономиканын эң келечектүү тармактарынын бири болуп саналат. Муну эске алуу менен тигүү өндүрүшүнүн өсүшүнө жана даяр продукцияны сатуу үчүн жаңы базарларды ачууга кызыктарбыз. Аны менен бирге, Бангладештен алдыңкы технологияларга жана жабдыктарга ээ ишкерлерди тартуу планда бар. Өз кезегинде биз инвестицияларга толук коргоп, аны менен ишкерликти өнүктүрүү үчүн  бардык керектүү шарттарды түзүп беребиз», - деди  Аскарбек Шадиев.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев  кыргыз делегациясы  Бангладешке иш сапар менен барууга даяр экенин билдирди.

Элчи өз кезегинде, кыргыз тараптын демилгесин колдоп, эки мамлекет ортосунда ишкер мамиленин өнүгүшүнө колунан келген жардамын көрсөтөөрүнө ишендирди.  

Маалымат катары: Бангладештин текстиль өндүрүшү көлөмү боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунду ээлейт. Кездемелердин жана пахта менен жүндөн жасалган кийимдердин экспорту жылына 18 млрд долларды түзүп, бул - өлкөнүн сырткы соодадан түшкөн кирешесинин 80 пайызы. Бул тармакта 3 миллионго жакын адам эмгектенет