02.07.2018 18:18

Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши ачылды

Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши ачылды

Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге дагы бир кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу April.kg  порталына мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси (мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу) боюнча козголду.

Бул- Шадиевдин үстүнөн козголгон 3-кылмыш иши.  Биринчи кылмыш иши 28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп,  30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылган. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган.

1-июнда УКМК  Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрель күнү  Хожент-Москва-Нью-Йорк каттамы менен качып кеткенин маалымдаган.  

Буга байланыштуу,  25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин  346-беренеси (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.