19.03.2018 14:00

Аскер кызматкерлери үчүн 22 турак-жай курулууда

Аскер кызматкерлери үчүн 22 турак-жай курулууда

Учурда аскер  кызматкерлери үчүн 1 миң 129 батирлүү 22 турак-жай курулууда. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев М.Фрунзе атындагы мотоаткычтар бригадасынын 100 жылдык мааракесин белгилөө учурунда билдирди.  

Айтымында, учурда Кыргызстан жетекчилиги тарабынан куралдуу күчтөрүнүн ишмердүүлүгүнө олуттуу көңүл бөлүүдө.

«Бөлүктөрдү курал-жарактын жана аскер техникасынын заманбап түрлөрү менен жабдуу иши башталды жана жүрүп жатат, жогорку кесипкөй аскер кадрлары даярдалууда, аскер кызматкерлери жана күч түзүмдөрүнүн кызматчылары үчүн турак-жай объектилерин куруу иштери уланууда.  Жалпысынан 2 миң 65 батирге эсептелген 79 объектинин курулушу бүтүп калды», – деп билдирди Сагынбаев.