23.09.2019 15:15

Аскер прокуратурасы КСДПга жазган катын өзү партия мүчөлөрүн киргизбей жаткан «Медиа Форумга» жөнөтүүдө

Аскер прокуратурасы КСДПга жазган катын өзү партия мүчөлөрүн киргизбей жаткан «Медиа Форумга» жөнөтүүдө

Аскер прокуратурасы КСДПнын атына жазылган каттарды өзү партия мүчөлөрүн киргизбей жаткан «Медиа Форумдун» дарегине жөнөтүүдө. Бул туурасында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүнүн кылганын түшүнүп болбойт. КСДПнын «Медиа Форумдагы» жумушчу орундарына кирүүгө уруксат берүү тууралуу биздин арызыбызга жоопту «Медиа Форумга» (почта аркылуу) жөнөтүп жиберишиптир, ал жакка бизди киргизбей жатышат го. КСДП Катчылыгынын жетекчиси менен «Медиа Форум» ишканасынын башкы директору бүгүн Аскер прокуратурасында болушту, аларга каттын көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышыптыр, жадагалса, Аскер прокуратурасынын расмий жообунун мазмунун оозеки айтып беришпептир», -дейт Жолдубаева. 

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевди УКМКнын Тергөө абагына киргизишкенден кийин, анын мүлкү катары «Медиа Форум» имаратын камакка алышкан. Кеңсеси ушул имаратта жайгашкан «Апрель» телеканалынын кызматкерлери менен КСДП мүчөлөрү жумуш орундарына кире албай калышкан. 3-сентябрда Социал-демократтар Аскер прокурору Н.Б.Набиевге ачык кайрылып, «Медиа-Форумдагы» ижарага алган кеңсесине кирүү укугун берүүнү суранган.