27.09.2018 15:51

Аскер прокуратурасы Сапар Исаковду шантаж кылган тергөөчүлөргө кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Аскер прокуратурасы Сапар Исаковду шантаж кылган тергөөчүлөргө кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Аскер прокуратурасы Сапар Исаковдун төргөөчүлөр шантаж кылып жатканы тууралуу арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул туурасында Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов April.kg порталына билдирди.

Аскер прокуратурасынан келген расмий документте: «УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу сиздин арызыңыздын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 2018-жылдын 22-сентябрында кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылды», -деп жазылган. 

Эскерте кетсек, 6-августта мурунку премьер-министр Сапар Исаков ага карата опузалоо фактысы болгонун тастыктап, бул боюнча териштирүү жүргүзүү өтүнүчү менен башкы прокуратурага кайрылган. 

Кайрылууда 2018-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 11:00  чамасында Сапар Исаков Тергөө изоляторунан УКМКнын тергөөчүсү Кубанычбек Сабыровдун иш бөлмөсүнө жиберилгени жазылган.

«Мен кирген учурда тергөөчү чыгып кетип, өзүн Илим деп тааныштырган УКМКнын кызматкери жактоочум Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартууну сунуштады. Болбосо, бир кезде  WikiLeaks сайтында жарыяланып, менин дагы атым аталган макала боюнча кылмыш ишин козгоорун айтты. Айыпталуучуну опузалап жактоочусунан баш тартууга мажбурлоо - бул кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу( 305-берене) жана жактоочунун ишмердигине бут тосуу (318-берене). Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарынын бири - органдардын жана тергөөнүн мыйзамдарды сакташына  көзөмөл кылуу. Андыктан, жогоруда айтылгандардын негизинде опузалоо фактысы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартууну суранам», -деген мурунку премьер-министр башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атына жазган кайрылуусунда.