14.11.2018 14:24

Аскер прокуратурасы Түштүк Эңилчек тоолорунда кыйраган тик учак боюнча иште учкучка айып такты

Аскер прокуратурасы Түштүк Эңилчек тоолорунда кыйраган тик учак  боюнча иште  учкучка айып такты

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы аскер тик учагынын кыйроо фактысы боюнча ачылган кылмыш ишти иликтеп бүттү. Эми материалдар Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлөт. Бул туурасында 24.kg өз булактарына таянып, жазып чыкты. 

«Айыпты 3-класстагы учкуч Э.Б.га коюшту. Тергөөнүн божомолунда, аба кемесинин кыйрашына дал ушул учкуч күнөөкөр экен. Ал эми, №23625 аскер бөлүктүн командири, учкуч-инструктор Сапарали Бекмурзаевди жабырлануучу катары таанышты», — деп айтылат маалыматта. 

Аскер прокуратурасы бул маалыматты тастыктаган. Мекеменин айтымында, тик учактын кулашынын себептери боюнча тергөө бүттү. 

«Бул эпизод боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. Ал эми, бортто ким болгону, учууга ким уруксаат бергени боюнча тергөө уланып жатат», — деп билдиришти органдан. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын 9-июлунда аскерий тик учак Ми-8 МТВ Түштүк Эңилчек тоолорунда кыйроого учураган. Башкы штаб тик учак турфирманын тапшырыгы менен  туристтерге азык-түлүк жана дары-дармек жеткирип баратып кулаганын билдирген.

Капталдан урган катуу шамалдан улам аба кемеси конууга камынган учурунда сол капталына ооп кеткени айтылган. Кырсыктан жабыркаган беш адам —  үч чет өлкөлүк турист жана борт кызматкери менен япон тилинин котормочусу ооруканага жаткырылган. Аскер прокуратурасы бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон.