26.09.2018 17:15

Астанада 10-кабаттан кулап бараткан баланы сактап калган жаран сыйланды

Астанада 10-кабаттан кулап бараткан баланы сактап калган жаран сыйланды

Астанада 10-кабаттан кулап бараткан баланы сактап калган жаран сыйланды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. кабарлады.

28 жаштагы Артем Каревди бүгүн Астана акимиатында урматтап тосуп алышты. Ага 7 жаштагы баланын өмүрүн сактап калганы үчүн 500 миң теңге (98 миң сомдон ашыгыраак) акчалай сыйлык тапшырышты.

Карев журналисттерге ал күндөн бери дагы деле өзүнө келе албай жүргөнүн билдирди. «Мага акчанын да, атак-даңктын да кереги жок. Андай адамдардын эмесмин. Бул тасма пайда болгуча, мен үйдө тынч эле отургам. Кошуналар тартып, таратып ийиптир. Бирок, ал жакка пикир жазгандардын баары ыраазы болуп жатышты- аларга рахмат», -деди куткаруучу.

Ошол күндү эстеп, окуядан кийинки учур  тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: «Мен бала менен сүйлөштүм. Ал өзүн жоготпогон, жакшы абалда болчу. Тааныштык, кантип мындай абалда калганын айтып берди. Тарбия көргөн бала экен. Балкондо турганда «жүрү, залга» десем, «бут кийимченмин» деп көнгөн жок. Таң калдым. Эшикке апасына узатып койдум», -деген Карев.

Белгилей кетсек, бүгүн Артемду ошонжой эле район акими да куттуктаган. Артем өзү баланы кантип сактап калганына ишене албай келет.

«Адатта, мындай учурда кармап калайын деген адам өзү кошо учуп кетчү эле. Бир нерсе ойлой калганга убактым да тар болду. 1-2 мүнөттүн ичинде болду деп ойлогом, кийин тасмадан карап көрсөм, менде болгону 10 секунда болуптур», -деди тургун.