12.07.2019 18:26

«Ата Мекен» партиясы Жээнбековго: Текебаевдин ишинин акыйкат жана калыс каралышын камсыздап берүүнү суранабыз!

«Ата Мекен» партиясы Жээнбековго: Текебаевдин ишинин акыйкат жана калыс каралышын камсыздап берүүнү суранабыз!

«Ата Мекен» саясий партиясы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Текстте партия «25 жылдан бери өлкөдө чыныгы демократиянын бекемделиши, мыйзамдын жана акыйкаттыктын үстөмдүгү үчүн күрөшүп келгени» айтылат. 

«Бул жылдары ушундай күрөштүн башында биздин лидерибиз – Өмүрбек Чиркешович Текебаев турду. Ал көптөгөн сыноолорду башынан кечирди: «Матрешкагейт», добуштарды эсептөөдөгү бурмалоолор, коркутуп-үркүтүүлөр, мародерлуктагы жана «Белизгейттеги» акылга сыйбаган айыптоолор, шайлоодон мыйзамсыз четтетип коюу, ж.б. Бирок тарых менен мезгил аларды өз ордуна койду.

Кыргыз Республикасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө бүтүндөй өмүрүн арнаган, мамлекетти бир нече ирет саясий кризистен сууруп чыккан Текебаев Өмүрбектин иши боюнча 16-июлда кезектеги сот болот.

«Ата Мекен» партиясы укуктук жана адилет мамлекет куруу зарылдыгы, мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу Сиздин бир катар билдирүүлөрүӊүздү эске алуу менен, ушул иштин бардык фактыларын кошуп, акыйкат жана калыс каралышын камсыздап берүүӊүздү Сизден суранабыз», -деп айтылат кайрылууда.