05.06.2018 13:15

Ата-энелери чет жакка иштеп кеткен 24 миң бала туугандардын колунда тарбияланууга аргасыз

Ата-энелери чет жакка иштеп кеткен  24 миң бала туугандардын колунда тарбияланууга аргасыз

Кыргызстанда 145 мектеп-интернаты болсо, анда 12 миңден ашык бала тарбияланат. Бул тууралуу  бүгүн маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова билдирди.

Анын айтымында, мектеп-интернаттардагы 683 бала - тоголок жетим.

«Ал эми өлкө боюнча 24 миң бала ата-энелери чет өлкөгө кетип, тууган-туушкандарынын колунда тарбияланат. Ал балдар ар кандай зордук-зомбулуктарга кабылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт», - деди адис.