29.03.2018 13:46

Ата-эненин камкордугусуз калган 79 жетим бала Россиядан Кыргызстанга кайтарылды

Ата-эненин камкордугусуз калган 79 жетим бала Россиядан Кыргызстанга кайтарылды

 80ге жакын жетим балдар Москвадан Кыргызстанга кайтарылып берилди. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев «Ата-эненин кароосунан ажыраган балдардын укугун сактоо» аталышындагы тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан чет жактарда кароосуз калган балдардын укугун коргоо үчүн атайын жобо кабыл алынган.

Ага ылайык, 2011-жылдан бери Россия Федерациясынын аймагынан ата-энесинин кароосунан ажыраган  79 бала Кыргызстанга кайтарылды.  Алардын 38и багып алуучу үй-бүлөгө берилген, 8 бала туугандарына өткөрүлүп берилген, 6 бала камкордукка алынган. Калган  27 баланын туугандарын издөө иштери жүрүүдө.  

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 2014- жылы кыргыз жарандары тарабынан 1 миң 16 бала,  2015-жылы  1 миң 12 бала, 2016-жылы 978 бала, 2017- жылдын 9 айында 515 бала багып алынган.

2014-жылы  1 миң 167 бала,  2015-жылы  952 бала, 2016-жылы  925 бала, 2017-жылдын 9 айында 600 бала камкордукка алынган.

Эл аралык багып алууга 2014-жылы 17 бала (16 – АКШ, 1 – Канада), 2015-жылы  27 бала (24 – АКШ, 2 – Швейцария, 1 – Канада), 2016-жылы  22 бала (АКШ), 2017-жылы 9 ай ичинде 8 бала  (7 – АКШ,  1– Финляндия) берилген.

«Жетим, же ата-эненин кароосунан ажыраган балдарды аккредитациядан өткөн мекемелерге гана жөнөтүү ишке ашырылат», – деди  Оторбаев.