30.05.2018 17:17

Ата-энеси таштап кеткен 4 бала Кыргызстанга кайтарылды

Ата-энеси таштап кеткен 4 бала Кыргызстанга кайтарылды

Ата-эненин камкордугусуз калган 4 бала Москвадан Кыргызстанга кайтарылды. Бул  туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Аталган министрликтин Балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумованын айтымында, КР жараны болгон балдар ар кандай себептер менен чет жакта ата-энесинин камкордугусуз калып жатышат. Апалардын баласынан баш тартуусунун негизги себеби: туруктуу жашоочу жеринин, туруктуу жумушунун жоктугу, расмий түрдө никелешпегени, күтүүсүз кош бойлуулук же ата-энелеринин экөө тең, же биринин түрмөгө камалып кетиши болуп саналат. 

«Балдарды алып келгенден кийин биздин министрлик аларды биологиялык үй-бүлөсүнө кайтарууга аракет кылат. Бул мүмкүн болбогон учурда, асырап алууга берүү маселеси каралат. 2011-жылдан бери 85 бала Мекенине кайтарылды, алардын алтоосун үстүбүздөгү жылы алып келдик», - дейт Н.Чолумова.

Айтымында,  алынып келинген 85 баланын 50сү багып алууга берилди, 8 бала- өз ата-энесине кайтарылды, 3 бала камкордукка алынды, 24 бала - интернат тибиндеги балдар үйүндө тарбияланууда.