19.11.2018 23:00

Атамбаев: Россия, Кытай, Түркия, Евробиримдик жана башка өнөктөштөр тарифтерди көтөрбөй мамлекетти сактап калууга, экономиканы өнүктүрүүгө жардам беришти

Атамбаев: Россия, Кытай, Түркия, Евробиримдик жана башка өнөктөштөр тарифтерди көтөрбөй мамлекетти сактап калууга, экономиканы өнүктүрүүгө жардам беришти

Атамбаев анын башкаруусу алдында насыялар негизинен энергетика жана жолдор үчүн алынганын айтты. Жалпы суммасы $1,5 миллиард. 

“Биз аны Акаев сымал Австралиядан койлорду көбөйтүү үчүн мал алган эмеспиз. Же болбосо ошол эле Акаев сыяктуу кагаз иштеп чыгаруу үчүн чийки зат жок жерде фабрика куруу үчүн эмес. Биз ансыз экономика өнүгө албачу жолдор жана энергетика үчүн алганбыз”,- дейт Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде.  

Ошол эле маалда Атамбаев командасы менен биргеликте 550 миллион долларды чийип салганга жетишкен. 3,5 млрд доллар грант алынган. 

"Бул биздин өлкөнү сактап калууга жардам болду. Анткени көптөрү 2010-жылы бизде кандай өлкө болгонун унутуп калышты. Ал чачырап баратат деп, коңшу мамлекеттер аны кантип бөлүп алаарын дагы талкуулап башташкан. Маркум Ислам Каримов ачык эле айтчу. Мындай кырдаалда достордун—Кытай, Россия. Түркиянын кол сунганы бутка турууга жардам берсе, Евробиримдик дагы көп көмөктөштү. Биздегидей ыңкылапты башынан өткөргөн өлкөлөрдү алсак, Сирия, Ливиядан эмне калды? Тунис эптеп-септеп кармалып турат. Ал эми Украинанын тышкы карызы 7 эсе көбөйүп кетти. Ал жакта айрым шаарларында керек болсо жылуулук жок. Ал эми биз болсо өлкөнү сактап, экономиканы көтөрө алдык. Ошол эле маалда тарифтерди көтөргөн жокпуз. Андыктан бул гранттар биздин өлкөнү сактап калды. Эсимде мени шылдыңдап, “кайырчы Президент” деп күлүшчү. Ошол Кытай бизге 400 миллион доллар акчалай грант бөлүп берди. Муну кантип унутуп койсо болот? Ал эми Россия бизге баарынан көп жардам берди. Гранттарды жылына берип жатты. Өнүгүү фонду жарым миллиард берип, карыздарды толугу менен чийип салган. Түркия да гранттарды берип, карыздарды жойгон”,- дейт Алмазбек Атамбаев