19.11.2018 21:52

Атамбаев өзүнүн байлыктары тууралуу: Түркия менен Кыргызстандагы заводдорум жылына $26 миллион долларга чейин киреше берип турчу

Атамбаев өзүнүн байлыктары тууралуу: Түркия менен Кыргызстандагы заводдорум жылына $26 миллион долларга чейин киреше берип турчу

Алмазбек Атамбаев мүлкүн 1989-жылдан тартып 2000-жылдарга чейин, кандайдыр бир мамлекеттик кызмат ээлей электе тапкан. Бул тууралуу КР мурунку президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде билдирди.

Айтымында ал 1989-жылы, Кыргызстанда биринчилерден болуп жеке фирма ачкан. Китеп сатып тапкан мүлкүн ишканаларга жумшаган, тактап айтканда, аларды менчиктештиргенге жетишкен директорлорунан акцияларын сатып алган.

“2002-жылы ишканаларыма Акаев асыла баштаганга чейин Кыргызстандагы ишканаларым да ийгиликтүү иштеп келген. Мисалы 1999-жылы “Форум” өндүрүш тобу өнөр жай группасы (үч завод жана эки биргелешкен ишкана) Кумтөр бюджетке канча салык төлөсө, ошончо салык төлөгөн. Ал убакта Кумтөр өлкөнүн ИДПсынын 20 пайызын берчү. Менин заводдорум Кумтордөй эле салык төлөчү” – деген Атамбаев, өзүнүн Орусия жана Түркиядагы ишканаларынын өнүгүшүнө да каражат салып турганын кошумчалады. 

Мисалы, Измир шаарынын эркин экономикалык аймагында Атамбаевге “Гүлжанлар” ишканасынын акцияларынын 90 пайызы үч жыл таандык болуп, андан дивиденддерин алып турган. 

Атамбаевдин колундагы документтерге ылайык, 2002-жылдын 2-февралында, Түркиялык ишканадан түшкөн киреше 8 миллионов 176 миң 606 доллар 81 центти түзгөн. 2002-жылдын 6-мартында - 3 миллион 826 миң 118 доллар. 2002 – жылдын 6 июлунда - 5 миллион 350 миң 362 доллар 66 цент. Жалпысынан бир жылда – 26 миллион доллардан ашыгыраак каражат. Бүгүнкү күн менен эсептегенде 1 млрд. 900 сом. 

«Бул ишканада мени менен кошо ээлик кылган дагы бир адам бар болчу. Менде акциялардын 90 пайызы болсо, ал 10 пайызына ээлик кылган. Ишканага 3 жыл ээлик кылып, жылда дивиденддерди бөлүшүп турчубуз. Жылда бир нече жолу бөлчүбүз. Ал акчаны алуу үчүн биз банкка (ишкананын HSBC жана “Дениз Банкта” эсептери бар болчу) бир же эки айдын бөлүнгөн дивиденддери тууралуу нотариустан тастыкталган документ берүүгө тийиш болчубуз. Мына ошонун негизинде банк акчаны эсебиме которуп, (ал жакта эсептерим бар болчу) накталай берип турчу. 2002-жылы мен Кыргызстандагы ишканаларымды жабуу керектигин билгем, анткени Акаевдин кишилери кадимки аңчылыкка чыккандай болуп, Бишкектеги эсептеримди тоңдуруп, тартып алып баштады. Албетте, качандыр Түркиядагы ишканама да жетерине көзүм жетти. 2002-жылы “Гүлжанлардан” 6 жолу дивиденд алып, 2003-жылдын январында саттым”, - деп билдирген Атамбаев, 1999-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу салык салууну токтотуу тууралу келишим түзүлгөнүн белгиледи. Ошентип, салык мыйзамдарын бузбаганын айтты.