19.11.2018 22:57

«Атамбаевдин бул мурасы менен дагы бир нече жыл жашаса болот», - деди экс-президент Кыргызстанга тартылган кайтарымсыз гранттар тууралуу

«Атамбаевдин бул мурасы менен дагы бир нече жыл жашаса болот», - деди экс-президент Кыргызстанга тартылган кайтарымсыз гранттар тууралуу

Өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлор – экс-президент түзгөн келишимдердин жыйынтыгы. Бул тууралуу мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына берген интервьюсунда билдирди.

«Мисалы Бишкектеги жолдор. Бул жылы да, эмки жылы да салынчу жолдор, Атамбаевдин президенттик мөөнөтү учурунда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь тарабынан берилген гранттарга салынат. Экөөбүздүн ортобузда жакшы мамиле түзүлүп калды», - деп тактады экс-президент. 

Алмазбек Атамбаев дагы бир нече келишимди мисалга келтирди. Нарындагы физкультуралык-ден-соолук комплекси, ачылышын учурдагы президент жасаган Аравандагы цемент заводу, андан мурунку өлкө башчы тарабынан тартылган каражатка курулган.

«Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду дагы көпкө иштейт. ЖЭБдин айланасындагы чуудан кийин, тышкы карыздын айынан Кытайды душман көрсөтүү аракеттери – кейиштүү. Мен, ушундай эле өнүктүрүү фондун Си Цзиньпин менен да түзүү тууралуу сүйлөшкөн болчумун. Айтарым, Си Цзиньпинге сөздөрүм ушундай болду: «Силер Орусиядан кыйла байсыңар, жарым миллиарддан көбүрөөк каражат бөлөсүңөр деп үмүт кылам». Макул болду! Н. Ахметова барып деталдарды да сүйлөшүп келген. Эми болсо албетте ал миллиардды, же жок дегенде жарым миллиардды ала албайбыз. ...Эми ага ким күнөөлүү? Ким жооп берет?» 

«Албетте, Атамбаевдин бул мурасы менен дагы бир нече жыл жашаса болот. Алар, мага караганда абдан жолдуу. Мен кандай мамлекетти мураска алдым эле? Жолдор, свет, акча жок болчу. Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Маевка айылдары өрттөнгөн. Алар кандай мамлекетти мураска алды... Эми алар Атамбаевди жамандагандан башка эч нерсе кылбай деле коюшса болот», - деп жыйынтыктады экс-өлкө башчы.

Эскерте кетсек, Эгемендүүлүк жылдарында алынган бардык кайтарымсыз гранттардын үчтөн эки бөлүгү Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнө туш келет.