04.09.2019 14:21

Атамбаевдин жактоочуларынын доо арызы канааттандырылган жок

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Атамбаевдин жактоочуларынын  доо арызы канааттандырылган жок

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын аны кармоо жана камакка алуу мыйзамсыз болгондугу туурасында доо арызын карап, канааттандырган жок.

Бүгүн, 4-сентябрда УКМКда Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйыны өттү. Анда экс-президенттин жактоочуларынын эки доо арызы каралды. Биринчиси,  7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракети боюнча, экинчиси Биринчи Май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечими боюнча болду. 

Жактоочунун айтымында, соттук коллегиянын мүчөлөрү: Карабеков, Сабитова, Эсекеевдер материалды жакшылап карап чыкпай туруп, эки доо арызды тең четке кагышты. 

Ошондой эле, жактоочу соттук отурум жабык өтүшү менен КР Жазык-процессуалдык кодекстин нормалары бузулганын белгиледи.  

«Биздин Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырууга каршы жүйөөлөрүбүздү эске алган жок. Жооп берилген да жок, сот жөн гана өтүнүч канааттандырылбай турганын билдирди», -деди Слесарев.