16.04.2018 11:00

Ата-Түрк багына окуучулардын көмөгү менен 140 уя салынды

Ата-Түрк багына окуучулардын көмөгү менен 140 уя салынды

Калаада мектеп окуучулары Ата-Түрк багына куштар үчүн уяларды илишти. Бул иш-чара  Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата өткөрүлгөн. Бул туурасында шаар мэриясынан билдиришти.

Акцияга Октябрь районунун 20 мектебинин окуучулары катышып, өз колдору менен уя жасашкан.  Өспүрүмдөр менен бирге иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков, Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов, Бишкек шаар кеңешинин депутаттары, ошондой эле шаар тургундары катышты.

Маалымат үчүн айта кетсек, уяларды даракка мык менен кагууга болбойт, андан бак өлүп калышы мүмкүн. Уячаны зым жана аркандардын жардамы менен бекитишет. Ошондой эле, уянын оозун чыгышты, башкача айтканда, күн тарапты каратуу зарыл.  Мындай чаралар көчөттөрдү зыяндуу курт-кумурскалардан коргоп, куштардын санын көбөйтөт.