20.06.2018 11:12

Ат-Башы районунда 18 адам кутурма оорусуна каршы эмдөө алып жатат

Ат-Башы районунда 18 адам кутурма оорусуна каршы эмдөө алып жатат

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 18  адам кутурмага каршы эмдөө алып жатат. Бул туурасында Республикалык  карантин жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев  April.kg порталына билдирди. 

ӨКМдин маалыматына караганда, 16-майда Казыбек айыл аймагынын 1981-жылкы тургуну Ж.Кылычбекке таандык койлорго карышкыр тийген. Ал бул окуя тууралуу эч кимге айткан эмес. 11-июндан баштап, койлор кырылып баштаган. . 

Өлгөн койлордун саны 50гө жеткенде мал ээси бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын райондогу бөлүмүнө кабарлаган. Алар койдун этин Республикалык ветеринардык лабораторияга жиберип, 13-июнда мал кутурма оорусу менен ооруганы аныкталган. 

«Учурда 18 адам эмдөөдөн өтүп жатат. Поофилактикадан толук өтүү үчүн бир ай керек. Кутурма вирусу- өлүмгө алып келе турган оору. Эгер белгилери байкалса, 2 күндүн ичинде өлүп калышы мүмкүн. Бул адамдар карышкырдын тиштегенинен жабыркаган малды кармашкан. Койду союп, терисин сыйрып, жиликтешкен, балким, этин да жешкендир. Кутурма оорусун жуктуруп алуу коркунучу болгондуктан, биз аларга алдын-алуучу эмдөөлөрдү жасап жатабыз.Эмдөө жасабасак, ооруп калуу тобокелдиги өтө  жогору, а эгер ооруп калса,  киши өлүп калышы мүмкүн. Бул адамдарды Ат-Башынын Арпа өрөөнүнөн алып түштүк, азыр алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, эмдөө жүрүп жатат. Баш-аягы жети укол алышат. Эгер адам ооруканага өз убагында кайрылбаса, өтүшүп кетет.  2017-жылы мындай окуядан 2 адам каза тапкан. Биринчи учурда адам медициналык жардам сурап кайрылган эмес, экинчи учурда эмдөө схемасын бузуп койгон», - деди  Нурболот Үсөнбаев.

Андан тышкары, Арпа жайлоосунун Чырмаш тилкесинде 500 кой-эчки, 70 жылкы, 6 бодо мал жана 4 итке вакцинация жүргүзүлдү. Ишти  райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 5 адиси жүргүздү, деп билдиришти ӨКМден.