19.09.2018 10:13

Ат-Башы районунда жергиликтүү кеңештин депутаты опузалап акча талап кылганы үчүн кармалды

Ат-Башы районунда жергиликтүү кеңештин депутаты опузалап акча талап кылганы үчүн кармалды

Нарында жергиликтүү кеңештин депутаты опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

2018-жылдын 17-сентябрында МУКК ККК тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ат-Башы районуна караштуу айылдарынын биринин айылдык кеңешинин төрагасы, 1968-ж.т. Б.А. 15 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Кармалган адам аймактык энерго компаниянын кызматкерин өзүнүн абоненттеринен акча каражатын опузалап талап кылгандыгы боюнча фактылары бар деп коркутуп,  ооз басырык катары 20 000 сом пара талап кылган. 

Бул факт боюнча Нарын облустук прокуратурасы негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-(опузалап пара талап кылуу) беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.