25.10.2018 11:38

Аткаминердин өлүмү. Шектүүнүн карындашы окуя боюнча өз чындыгын билдирди

Аткаминердин өлүмү. Шектүүнүн карындашы окуя боюнча өз чындыгын билдирди

21-октябрь күнү Бишкекте «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев жол кырсыгынан кийин айдоочу менен уруша кетип, каза тапканы тууралуу маалымат тараган. Маркумдун уулу Азирет Жакыпбаев эки адам мас абалында атасын сабап өлтүрүп коюп, эми жазадан кутулуп кетүү аракетин көрүп жатканын  билдирген эле.

Аткаминердин өлүмүнө шектелип  жаткан айдоочунун карындашы окуя боюнча өз чындыгын билдирди. Элита Каниметованын айтымында, агасынын чиновниктин унаасын сүзүп алганы чын, бирок, маркумга кол көтөргөн эмес. 

«21-октябрда Түштүк Магистралда кечки 20:30 чамасында агам классташ баласы менен «Лексуста» баратып, анча олуттуу эмес жол кырсыгына кабылган. Мындан улам, эки унаанын тең айдоочулары машинадан чыгып, сүйлөшүшкөн. Бул учурда жабырлануучунун жубайы унаада отурган. Агам унаа ээси менен бир кепке келип, чыгымдарын төлөйм деп тил кат жазып бермей болот.  Ал жаңы гана кагаз алып чыгып, аны капотко коюп жазып баштаганда, берки киши күтүүсүз кулап кетиптир. Агам эңкейип - «байке, жакшы элесизби?» деп сурайт. Ушул убакта унаадан чыккан жубайына күйөөсүн уруп жибергендей көрүнгөн окшойт. Биз үй-бүлөбүз менен Жакыпбаевдердин үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз.
Агам ал кишини «түшүнүктүү, жагымдуу адам болчу» деп эскерет, сөз арасында агамдай уулу бар экенин айтыптыр.   

Биринчи экспертизада каза тапкан адамдын денесинде эч кандай көгөргөн жер жок деп чыкты. Ал эми, 2 см сыйрылган жер жерге кулап түшкөндөн болушу мүмкүн. Эгер мушташ болгон болсо, же колу менен катуу кармап койгондо деле мунун баары экспертизанын биринчи күнү эле билинип калмак. Агам досу менен «Тез жардам» кызматынын жана милициянын келишин күтүп ошол жерде турушкан.

Биз жөнөкөй үй-бүлөбүз. Биздин жогору жакта кадыр-барктуу тууганыбыз жок. Агамдын үй-бүлөсү, кичинекей кыздары бар. Өзү оор басырыктуу адам. Биз баары акыйкат болушун каалайбыз. Менин агамды күнөөлүү кылып чыгарыш үчүн прокурорго үстүдөн басым жасалып жатканы белгилүү болду. Бирок, тергөө андай айып коюуга кыпындай да негиз таппагандыктан, иш создугуп жатат», -деп жазат шектүүнүн карындашы. Ал ошондой эле бул окуянын күбөлөрү болсо, байланышууну өтүнөт.