18.09.2018 14:41

Аткезчилик менен алынып келе жаткан 82 миң сомдук жүк кармалды

Аткезчилик менен алынып келе жаткан 82 миң  сомдук жүк кармалды

Ош облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай участкасында контрабандалык жүк кармалды. Бул туурасында КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Кызмат өтөө учурунда чек аранын сакчысы шектүү жүк ташуучу автоунааны байкап калган. Унаа Кытайдын өткөрүү пунктунан өтүп, «Иркештам» КӨП жетпей, КЭР территориясында туруп, чек ара тилкесине жакын токтогон.

Жүк ташуучу автоунаадан каптарды түшүрүп, унаа Кытайдын территориясына кайрадан жөнөп кеткен. Ал жерге дароо жетип барышкан КР МЧК чек ара кезмети эл керектөөчү товарлар (аялдын жоолуктары) салынган 19 капты табышкан.

КР МЧК Ош облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары товардын ээсин издөө жана кармоо боюнча иш алып барышканда ал КЭР 1971-ж.т., Х.Ш.Ш аттуу жараны болуп чыккан.

Контрабандалык жүктүн жалпы баасы 82 000 сомдон ашуун бааны түзгөн. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык кармалган жаранга айып салынып, андан аркы териштирүүлөр үчүн жүгү менен кошо КР МБК территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган.