25.05.2018 13:02

Аутизм менен алышкан балдар үчүн атайын долбоор иштей баштады

Аутизм менен алышкан балдар үчүн атайы долбоор иштей баштады. Ал "Передышка" же кыргызчаласак "Эс алуу" деп аталат. Аты айтып тургандай эле, баласынан колу бошобой кыйналган ата-энелер чүрпөлөрүн кайрымдуулук борборуна убактылуу калтырып коюшса болот. Өзгөчө балдар үчүн бала-бакчасын уюштуруу демилгесин Кыргыз-Орус Славян университетинин ыктыярчы-студенттери көтөрүп чыгышкан. Алар балдар менен жөн гана ойнобостон, аутизмге чалдыккан бөбөктөрдүн акыл-эсин өстүргөн программа менен окутушат.