13.08.2018 16:10

Августта кыргызстандыктар эки күн эс алышат

Августта кыргызстандыктар эки күн эс алышат

Кыргызстандыктар 21-август күнү иштебейт. Анткени, бул күнү өлкө мусулмандары Курман айт майрамын белгилешет. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тараткан билдирүүдө: «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу Курман айт мусулман майрамы, жумушчу эмес майрам күн болуп саналат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргендей, Мусулмандардын ыйык "Курман айт" майрамы быйыл  21-август күнү белгиленет», -деп жазылган.

Ошондой эле, кыргызстандыктар 31-август КР Көз карадысыздыгы күнүндө да эс алышат.