11.05.2018 17:14

"Аврора" пансионатындагы уулануу запеканкадан болушу мүмкүн

"Аврора" пансионатындагы уулануу  запеканкадан болушу мүмкүн

Үстүбүздөгү жылдын 7-майынан баштап, Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө "Аврора" пансионатынан тамак-ашка ууланган 24 адам түшкөн. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Уулангандарга өз убагында керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалдары оңолгонуна байланыштуу эртеси, 8-май күнү 8 жабырлануучу (7 чет өлкөлүк спортчу жана санаторийдин бир ашкана кызматкери) ооруканадан чыгарылган. Бүгүнкү күндө калган 16  бейтап ооруканада  дарылануусун улантууда. Абалдары  салыштырмалуу канааттандыраарлык.

Учурда башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Олег Горин менен Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Толо Исаков Чолпон-Ата шаарына барышты.

Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгерине  ыкчам маалымат бербегени үчүн  5 миң сом, санаторий башчысына 10 миң сом, дарыгерине 3 миң сом жана санаторийдин тамаш-аш жана кампа бөлүмүн тейлеген кызматкерге 5 миң сом айып пул салынды.

"Болжолдуу түрдө “Тамак-аш токсикоинфекция” диагнозу коюлууда. Тамак-аштан уулануунун так себебин билүү үчүн 8 бейтаптан, 13 ашкана кызматкеринен анализ алынып, 6 түр даяр тамак-аштан үлгү алынган.  Шектүү тамак катары запеканка эсептелинүүдө.  Лабораториялык изилдөөлөрдүн алдын-ала жыйынтыгы боюнча сальмонелла  табылды", -деп жазылат билдирүүдө.