06.11.2018 10:14

Аялдамадан сырткаркы жактан жүргүнчү алып-түшүргөн маршруттук такси айдоочулары жазаланат

Аялдамадан сырткаркы жактан жүргүнчү алып-түшүргөн маршруттук такси айдоочулары жазаланат

Жүргүнчүлөрдү көрүнгөн жерде түшүрүп-унаасына салган айдоочуларга эми административдик чара көрүлөт. Бул туурасында шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматта шаар көчөлөрүндөгү тартипти камсыздап, тыгынды жана аварияга алып келчү учурларды азайтуу үчүн Жибек-Жолу кең көчөсүндө, Курманжан Датка көчөсүндө жана Аламүдүн базарынын айланасында рейддер жүрүп жатканы айтылат.

Анын жүрүшүндө инспекторлор автоунааларды туура эмес жерге токтоткондорду, жүргүнчүлөрдү уруксаат берилбеген жерлерде салып- түшүргөндөрдү көзөмөлгө алып, жол эрежесин бузган айдоочуларга протокол түзүп, айып короого жөнөтүшөт.

«Жакын арада бул аймактарда көйгөйлөр бүтүндөй чечилет»,- деп убада кылышат мэриядан.