30.08.2018 12:48

«Айчүрөк» соода борборундагы кырсык боюнча жетекчилиги түшүндүрмө берди

«Айчүрөк» соода борборундагы кырсык боюнча жетекчилиги түшүндүрмө берди

 «Айчүрөк» соода борборунда 28-августта каргашалуу окуя болду: соода борборунун жер төлөсүндө  кардар каза тапты. Окуянын себебин билүү үчүн видеокамералардагы жазуулар текшерилип, күбөлөр суракка алынды. Жыйынтыгында, соода борборуна келген адам менен сатуучунун ортосунда уруш чыкканы аныкталды. Кардар сатуу бөлүмүнөн өзүнө таандык эмес буюмду алып кетүүгө аракет кылган. Сөздөн-сөз чыгып, ал урушка айланып кеткен, анын кесепетинде сатуучу кишинин артынан барып, бир нече ирет муштап жиберген. Эс-учун жоготуп кулап түшкөн киши тез жардам кызматы келгенче каза тапкан.

Учурда маркумдун өлүмүнө эмне себеп болгонун тактоо иштери жүрүүдө. Так себеби сөөктү союп, экспертиза жүргүзгөндөн соң гана билинет. «Айчүрөк» соода борборунун жетекчилиги күнөөлүүнү аныктоо ишинде тергөөгө  көмөктөшүүгө даяр. Шектүү убактылуу жайга камакка алынды. 

«Биринчи кезекте маркумдун туугандарына өзүмдүн жана соода борбордун жетекчилигинин атынан көңүл айтам. Соода жайда күзөт кызматы ар дайым кароолдо турат жана окуя болгондо жабырлануучуга тез арада биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылган» — дейт борбордун директору   Михаил Михин. 

«Айчүрөк» соода борборунун күзөт кызматынын жетекчиси Виктор Жирков дүкөндөгү коопсуздукту камсыздоо үчүн баш-аягы 38 адам тартылганын билдирди. Кырсык болгон күнү алардын экөө жер төлөнү көзөмөлдөп турушкан. Алар болушунча ыкчам аракет кылып, көрсөтмөгө жараша биринчи тез жардамды көрсөтүп, дарыгерлерди чакырган. Тез жардам кызматы 20 мүнөттө келген, бирок,  кеч болуп калган. Жыгылган киши эсине келбей, каза тапкан. Учурда ШИИББ териштирүү амалдарын жүргүзүүдө.