05.03.2019 20:20

Айдар Кубанычбеков: Мончого барсаң да, фонддун акчасына барды дешеби деп кооптоносуң

Айдар Кубанычбеков: Мончого барсаң да, фонддун акчасына барды дешеби деп кооптоносуң

«Апрель» телеканалынын бүгүнкү «Кеп көөрүк» берүүсүндө «Элим барсыңбы?» Коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Айдар Кубанычбеков болду.

Конок менен фонддун иши, жеке өзү, саясат, жардамга муктаж адамдар тууралуу баарлаштык. Маектен кыска үзүндү тартуулайбыз.

—  Биздин фондго  адамдар жардам сурап кайрылганда, тиешелүү документтерди талап кылабыз. Мисалы, сиз бизге «Мен бир операцияга жардам бергим келип атат» деп келдиңиз дейли. Бизде акчалай жардамга муктаж кичине балдар бар, жесир аялдар, же байке-эжелер бар. Сиз аларды карап, кимге жардам берүүнү өзүңүз тандайсыз, же акчаны бизге ишенип, тапшырып кетесиз. Бул акча бизге - аманат. Бирөөнүн берген аманатына кыянат кылбай туура дарекке жеткирүү - биздин милдетибиз. Биз анын отчетун тапшырышыбыз керек. Ошол себептен биз жардамга муктаж адамдардан ар дайым тийиштүү документтерди талап кылабыз. Тилекке каршы, ар кандай адамдар болот экен. Биздин социалдык кызматкерлер 1,3,5-күндөрү документтерди кабыл алып,  2,4- күндөрү дарегине барып, чындап эле жардамга муктаж экенин изилдейт. Кошуналарынан сураштырат. Биз он жылдан бери кашыктап чогулткан кадыр-баркыбызды, бирөө келип, чакалап чачып кетишин каалабайбыз.  

— Жардамга муктаж эместер да кайрылган учурлар болду беле?

— Мен келгенден баштап, Кудайга шүгүр дейли, боло элек, бирок, мага чейинки жетекчи менен сүйлөшүп калганда, болгон экен. Бир канча учур катталган.

— Президент Сооронбай Жээнбеков  кечээ жакында балдар үйүн жоюу тууралуу демилге көтөрдү.  Бул демилге кандайдыр бир деңгээлде ишке ашып келе жатат. Сиз буга кандай карайсыз? Биздин ата-энеси жок, жетим-жесир балдарыбыз көчөдө калып кетпейби?

— Бул жакшы нерсе. Мен муну түп - тамырынан изилдеп көрдүм. Бизде Советтер союзунан калган мыйзам иштеп келе жатыптыр. Элестетсеңиз, бул өтө коркунучтуу абал. Кетип баратып эле, аварияга учурап, бир күндө атасынан да, апасынан да ажырап калгандарды көрдүк. Алар 3 бир тууган, же  4 бир тууган болушу мүмкүн. Жаш курактары ар кандай болот да. Мурунку мыйзамга ылайык, бул үчөө тең жаштарындагы айырмадан улам, бир балдар үйүнө туш келбейт. Үчөө 3 жакка чачырап кетет. Эми элестетсеңиздер, ата-энесин жоготуп, психологиялык өтө оор ахыбалга туш келди. Анысы аз келгенсип, үч бир тууган үч жакка кетет... Бул дагы бир сокку болот. Азыркы мыйзамда бул балдар үйлөрү жоюлат деп жатат, бирок, багам деген  адамдар чыкса, 3 бир тууган толук кандуу үй-бүлөдө жашай алат дегенди түшүндүрөт. Бирок, ал үй-бүлөлөргө балдарды берүүдөн мурда аларды окутуш керек. Алар балдарды багууга даярбы, даяр эмеспи, өздөрү мурда зордук-зомбулук көргөн эмеспи, ошонун баары текшерилиши зарыл.

— Сиздин фонддун жетекчилигине келгениңизге бир нече эле  ай болду. Өткөн жылы декабрда «Элим барсыңбы?» жыл жыйынтыгын чыгарып, анан Хабиб мырза кызматын сизге расмий түрдө өткөрүп берген эле. Сурайын дегеним, жетекчиликти ким тандайт, бул фондду ким негиздеди эле?

—«Элим барсынбы?» фондун 2008- жылы Бизнес-ассоциация ЖИА (Жаш ишкерлер ассоциациясы) негиздеген. Азыркы учурда фонддо кадимкидей Байкоочу кеңеш, анан Көзөмөлдөөчү комиссиясы бар. Талапкерлерди Байкоочу кеңеш тандайт,  бирок, ал дагы буга чейинки жетекчиликтен сурайт. Бул иш- оор. Буга баары эле бара бербейт. Мен деле буга чейин башка жакта иштеп, анан бул жакка чакырганда бир ай ойлондум. Ата-энем менен кеңештим. Менин коркконум, чарчаган учурумда, же уктап жатканымда кимдир-бирөө жардам сурап келип калса, ага жардам бере албай калып, убалына каламбы деп көп ойлондум. Акыры, «Көз - коркок, кол -баатыр» деп ишке көнүп келатам. 

—Сиздин маянаңыз канча сыр болбосо?

— Орустар айтмакчы, май менен нанга жетет. Укмуш деле жашабайбыз. Айдаганым Lexus эмес, Fit эле. Келинчегим дагы иштейт, аныкы - 18 миң. Акчабыз өзүбүздөн ашпайт, бирок, балдардын кем-карчына, бала бакчасына жетип келе жатат. Бизде иштегендердин жумушу оор, андыктан, 100 миң маяна коюп берсең да, кызматкерлерди кармап калыш оор. Нормалдуу элдердин жумушу 9:00-18:00 ге чейин болсо, биздики түндө деле иштейбиз. 23:00дө бирөө чалып, алты балам менен көчөдө калдым десе, иш күнүм бүткөн деп кантип айтасың. Ошон үчүн кирип аткандарга айтам, эң аз дегенде 5, 10 жыл иштегендей болгула, 2-3 жыл иштейм десеңер, келбей эле койгула деп. Бул жерде, бир караганда, маяна принципиалдуу эмес, бирок, ошол балдар-кыздарыбыздын жол киресине, жашаган жерине, кийим-кечесине жеткидей кылууга аракет кылабыз. Бирок «шикарный» жашоо жок. 

ТОЛУК МАЕКТИ БҮГҮН саат 21:00дө "Апрель" телеканалынан көрүңүздөр.