09.10.2018 09:42

Айдоочулардын эсине! Бишкек-Торугарт автомобиль жолу бүгүн 4 саатка жабылат

Айдоочулардын эсине! Бишкек-Торугарт автомобиль жолу бүгүн 4 саатка жабылат

Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашат, деп билдирет «Кыргыз темир жолу» ишканасы.

Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан бүгүн, 9-октябрда саат 11:00 дөн тартып, 15:00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

«Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт. Жүргүнчүлөрдөн  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөбүз», -деп жазылат маалыматта.