30.03.2018 12:38
Айрым эл өкүлдөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө каршы
ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев бюджеттин акчасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына коротулуп жатканына нааразы. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда билдирди.
Депутат Көчмөндөр оюндарына коротула турган акча «Капиталдык салымдар» статьясына каралганын билдирди.
«Мына ошон үчүн курулуп бүтпөй жаткан объектилердин саны өсүүдө», — деди Кыдыралиев.
Буга Финансы министрлигинин башчысы Адылбек Касымалиев макул болгон жок. Ал социалдык объектилер үчүн да бюджеттен акча бөлүнүп жатканын билдирди.
Министрдин маалыматына караганда, 2018-жылы өкмөт биринчи кезекте курулушу туруп калган объектилердин курулушун бүткөрүү үчүн каражат бөлүү ниетинде.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: