06.09.2018 10:28
Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалына ээ болушу мүмкүн
18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында монголиялык балбандан утулуп калган Айсулуу Тыныбековага алтын медаль берилиши мүмкүн.
Күрөш федерациясы Азия оюндарынын Олимпиадалык кеңешинин расмий сайтына таянып, монголиялык балбан Орхон Пуревдорж «кызытма колдонгон» деген жүйөө менен алтын медалдан ажыратылганын билдирди. Маалыматка ылайык, анын канынын курамында тыюу салынган "станозолол" препараты табылган.
«Эми эреже боюнча, алтын медаль беттеште 2-орунду алган балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек»,- деп билдиришет федерациядан.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: