16.07.2018 15:33
Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалды жеңип алды
© Sputnik
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду. Grand Prix of Spain 2018 мелдеши 14-15 июлда Мадрид шаарында өткөн.
Балбан кыз 59 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, 1/8 финалда АКШлык Алия Раганды жеңген. Чейрек финалда Россиялык Кристина Елоеваны утуп алган.
Финалга чыгуу мүмкүндүгүн алуу үчүн Тыныбекова Казакстандык Алтынай Сатылган менен күрөшүп, жеңсе, финалда дагы бир казак спортсмени Мадина Бакбергеновага каршы тура алган.
Жыйынтыгында, бул салмактагылар арасында Айсулуу Тыныбекова биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль алды. Буга чейин Кытайдагы чемпионатта мекендешибиз колого ээ болгон.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: