30.08.2018 12:13

Азамат Айтбаев: Мыйзам долбоор - бутуна турган мекендештердин өлкөгө инвестиция салышына шарт түзөт

Азамат Айтбаев: Мыйзам долбоор - бутуна турган мекендештердин өлкөгө инвестиция салышына шарт түзөт

Кыргызстандын жарандыгынан баш тартып, башка өлкөнүн атуулдугун алган адамдарга өзгөчө макам берилиши мүмкүн. Жогорку Кеңеште жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат. Жарандыгын чет мамлекеттикине алмаштыргандар үчүн бир топ укуктар менен жеңилдиктер берилиши күтүлөт. Ал эмне деген өзгөчө нормалар экенин жалпак тил менен түшүндүрүп берүү үчүн «Апрель» телеканалынын «Жаңылыктар кечинде» «Замандаш» ассосиациясынын координатору Азамат Айтбаев менен маек болду. 

-Саламатсызбы. Эң алгачкы суроо, бул макамды берүүнүн зарылчылдыгы эмнеде?

-Негизги максат -башка мамлекеттин жарандыгын алган биздин мекендештердин Ата Мекени менен байланышын үзбөө.  Андан сырткары, иштөөсүнө жеңилдик түзүү маселеси да толук камтылат деген ишеничтебиз. Азыркы учурда биздин мекендештерибиз толук кандуу инвестор катары бышып калды деп айтсак жаңылышпайбыз. Чет мамлекеттин жараны болуп туруп, ошол эле убакта кайра Кыргызстанга келип иш жүргүзөм десе, жумушка уруксат алуу, каттоого туруу маселелери дагы жокко чыгат.  Башка мамлекеттин жарандыгын алган биздин мекендештерди да эске алыш керек. Болбосо, биз көп учурда Россия менен Казакстанда иштеп жүргөн мекендештерибизди элестетебиз. Азыркы учурда сыртта жүргөн мекендештерибиздин географиясы абдан чоң жана алыска кеткен мекендештерибиздин алды жарандык алып, бирок ошол эле убакытта мекени менен байланышты үзбөй келе жатат. Мисалы, Япония, Корея, Европа мамлекеттериндеги, Түркиядагы кыргыздар ошол мамлекеттин жарандыгын алышкан. Ошол эле убакытта кийин Кыргызстанга кайтып келүү ниеттери бар. Барган мамлекетинде жарандыгы барлар үчүн көп жеңилдиктер каралгандыктан, башка жарандыкка өтүп кетишкен. Биз айтып жаткан макамды берүү азыркы учурдун талабы десек болот. Мамлекет тараптан кам көрүү маселеси дагы жакшы деңгээлге чыкты деп айтсак болот. 

- Чет өлкөнүн жарандыгын алган канча мекендешибиз бар? Болжолдуу санын билесизби?

- Россияда эле расмий маалыматтар боюнча 460 миңден ашык кыргыз орус жарандыгын алган. Алар жарандык алуунун шарттары жеңилирээк кезде, Эгемендүүлүк жылдарынан кийин алып калган мекендештерибиз. Башка мамлекеттердеги жарандык алган кыргыздардын санын так айта албайм. Бирок, бир нече миңдеген адамдар жашап, иштеп аткан жеринин жарандыгын алышкан. Бирок, ошол эле учурда көпчүлүгү экинчи чөнтөгүндө Кыргызстандын паспортун сактап келишет. Ошол адамдардын макамын оңдош үчүн да азыркы мыйзам долбоору керек. 

-Россияда жүргөн көпчүлүк мекендештерибиз ал жактан жөлөк пул, балдарына жеңилдик алуу үчүн айла жоктон жарандык алса керек? Же ал жакта жашап калуу ниетиндеби? 

-Кандай шартта алса да, баардык эле мекендештерибиз «Бутубузга тургандан кийин Кыргызстанга кайтып келебиз» деп жооп беришет. «Калабыз» дегендер аз санда. Алар жакшы жумуш таап, ошого карап, жарандык алгандар. Россиялык жаран менен чет элдик жаранды ала турган болсок, жумушка орношуу маселесинде россиялык жарандын мүмкүнчүлүгү көп  болот. Каттоого туруу, патент алуу маселесинде да жарандыгы бар адамга жеңилдиктер болот. Эгер биз көтөрүп жаткан демилге кабыл алынса, ал жактын да жарандыгын жоготпой туруп, Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү жана саясий кызматтарга келүү укугунан башка укуктары сакталып калат эле. Бул чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. 

- Андай макам берүүнүн өлкө үчүн кандай пайдасы бар? Анткени, ал мекендештерибиз  бизден бекер билим алып, бекер медицинаны пайдаланып алып, эми  башка мамлекеттин капчыгына  салык төлөп жүрүшөт...

- Биз ал жарандардын мекенине кайра кайтып келүүсүнө жол ачып беришибиз  керек. Ал кайра келгенде каттоого тур, болбосо айып пул төлөйсүн деп тосуп алган туура болбойт. Бекер билим алып, бекер медициналык кызмат алып жүргөндөрү менен өлкөдөн жумуш таппаганы үчүн кетишти. Азыр ошол мекендештерибиздин жардамы менен Кыргызстанда социалдык абал туруктуу турат деп ойлойм. 

-Сиз  айткан жумуш маселесине келсек, бул жактан жумуш таппай чет өлкөгө кетип, ал жактан бутуна туруп аткан мигранттын өлкөгө кайра кайтып келүүсүнүн эмне кажети бар?

- Анткени, бул жакта алардын тарыхый байланышы, туугандары бар. Ошол эле учурда биз келечекти да ойлошубуз керек. Ал мекендешибиздин балдары-неберелери келечекте Кыргызстан менен байланышты үзүшү мүмкүн. Өзүбүз эле алакандай элбиз, калктын бештен бири сыртка тарап кетти. Ошон үчүн аларды кайра келтирүү шарттарын да түзүп беришибиз керек. Андан тышкары, экономикалык абалды да карашыбыз керек. Чет жакка жумуш издеп чыккандардын арасында олигархтар жок, бирок, бутуна туруп калган чоң-чоң, тектүү инвесторлорубуз бар. Алардын да кайтып келүүсүнө шарт түзүүнүн жолдорунун бири. 

- Менимче, бул макам менен чет жакта иши жүрүшүп кеткен мекендештерибизди тарта албасак керек. Тескерисиче, иши  оңунан чыкпай аткандар үчүн мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк десек болот го?

- Аларга деле жеңил болот. Жумушка орношууга уруксат алуу, каттоого туруу маселеси жокко чыгат. Таратып ийип отуруп калалы десек, анда бул маселени көтөрбөйт элек. Миграциялык багыттагы негизги саясаттардын бири -миграциялык агымды кыскартуу маселеси.

- Дагы бир суроо, бизде жумуш жагынан абал мындан 5-10 жыл мурун кандай болсо, ошондой бойдон. Завод, фабрикалар курулуп кеткен жок. Алардын кайтып келүүгө эмне кызыкчылыгы бар?

- Бул мыйзамды кабыл алса эле, биздин мекендештер массалык түрдө кайтып келе дегенден алыспыз. Бул биздин инвестиция салуу маселесинде кандайдыр бир шарттарды издеп жүргөн мекендештерибизге жардам болот. Андан сырткары кайтып келсем, иш табамбы деген мекендештерибизге дагы жеңилдиктер каралып атат. Ошону менен бирге бул нерсени дагы дыкаат иликтесе, жаманынан жакшы жагы көбүрөөк.