16.05.2018 15:34

Азербайжанда Баку шаарынын бир көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу сунушталууда

Азербайжанда Баку шаарынын  бир көчөсүнө  Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу сунушталууда

ТҮРКПА жана Азербайжан Жазуучулар союзу Баку шаарындагы бир көчөгө Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу сунушу менен Президент Илхам Алиевге кайрылуу кабыл алды. 

Кечээ, 15-майда Азербайжандын борбору Баку шаарында  улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусу” аталышындагы иш-чара өткөн.

Аны Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов  “Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусу” аттуу бул иш-чара Азербайжанда жашаган жазуучунун жакын досторунун эскерүү кечеси”, – деп белгиледи.

Иш-чараны  ТҮРКПА катчылыгы менен Ч.Айтматовдун жакын досу Анар Рзаев төрагалык кылган Азербайжан Жазуучулары бирикмеси уюштурган. 

“Улуу жазуучунун досторунун жолугушуусунун жыйынтыгында ТҮРКПА жана Азербайжан Жазуучулар союзунун атынан Баку шаарындагы бир көчөгө Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу жана анын эстелигин орнотуу сунушу менен Президент Илхам Алиевге кайрылуу кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.