20.06.2018 17:06

Азыркы замандын Жамийласы

"Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баяндын" урматына коюлган ысым. Ал Жамиля. Өлкөдөгү ири логистикалык компаниянын негиздөөчүсү, ишкер айым Жамиля Турдакунова так ошол улуу повесттеги бийкечтин атын алган. Ата энеси Айтматовдун чыгармасына таасирленип, кызды да ошондой болсо деп кыялданышкан. Чынында эле “Жамиля” чыгармасындагы башкы каармандын мүнөзүн алып, тагдырында да окшоштуктар бар экенин айтат. Ал тургай иш-чараларга Жамилянын образында кийим кийип барат.