Азиз Батукаевдин иши боюнча мурунку аткаминер кармалды
Экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматынан кабарлашты.
Мурунку аткаминер бүгүн, 21-майда «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган. Анын жыйынтыгы менен экс-вице-премьер-министр Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеме кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатканын кабарлады.
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш 2019-жылдын январь айында жанданган. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары А. Батукаевге жалган «курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)» диагнозун коюп, фактыларды жасалмалаганы аныкталган.
2013-жылы Нарын шаардык соту дарыгерлердин бүтүмүнө таянып, Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин кабыл алган. Ошол эле күнү ал Бишкектен Россияга учуп кеткен.
Бул иш боюнча 2011-2014-жылы саламаттыкты сактоо министри кызматын ээлеп турган Динара Сагинбаева, Кыргыз илимий гематология борборунун эки кызматкери: онколог -дарыгер Эмиль Макимбетов менен гематолог Ирина Цопова камакка алынган. Ишке тиешеси бар адамдардын катарында мурунку аткаминерлер менен депутаттардын да аты аталган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: