Азиз Суракматов: Бардык шаар көйгөйлөрүн шаар кеңеш депутаттары менен чогуу чечем

Азиз Суракматов: Бардык шаар көйгөйлөрүн шаар кеңеш депутаттары менен чогуу чечем

«Мен шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте шаарды мыкты, таза, экономикалык жактан өнүккөн шаарга айлантууга болгон күчүмдү жумшайм», -деп билдирди жаңы шайланган Бишкек мэри Азиз Суракматов кабарчыларга мэр кызматында биринчи ирет интервью берип жатып. Бул туурасында April.kg  порталынын кабарчысы билдирди.

«Шаарда учурда жүрүп жаткан бардык иштер улантылат, жадагалса жакшыртылат деп үмүттөнөм. 2018-жылды президент «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп атаган. Бишкек шаары - негизги аймак болгондуктан, өз алдынча өнүгүшү керек деп эсептейм. Бишкектин киреше бөлүгүн көбөйтүү керек. Бишкек шаары экономиканы көтөрүш керек. Шаардын инфраструктурасы, жолдору социалдык суроолор, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жашылдандыруу сыяктуу бардык маселелерди шаардык кеңеш менен чогуу чечиш керек»,- деди  жаңы мэр.  Ал ошондой эле шаардык кеңеш депутаттарына көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылыгын билдирди.