28.08.2018 11:11

Азиз Суракматов кыргыз тилинен кайра тест тапшырып калышы ыктымал

Азиз Суракматов кыргыз тилинен кайра тест тапшырып калышы ыктымал

Бишкек мэри Азиз Суракматов кыргыз тилинен кайра тест тапшырып калышы ыктымал. Тиешелүү чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын кийинки жыйынында чыгарылат. Бул туурасында Vesti.kg сайты жарандык активист Канышай Мамыркулованын сөзүнө таянып, билдирди. 

Кечээ Боршайком жарандык активист жана журналист Мамыркулованын Бишкек мэри Азиз Суракматовду мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча «Кыргызтест» системасынан тест тапшыртуу арызын караган.
Анын айтымында, БШК мүчөлөрү маселени кийинки отурумда добушка коюуну чечишкен.

Андан сырткары, ал өз арызында Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев да ушундай эле экзаменден өтүшүн талап кылган. Ал мындай кадамга өкмөттүн 2017-жылы 13-июлдагы №430  «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин кыргыз тилин билүү деңгээлин окумуштуулардын комиссиясы эмес «Кыргызтест» аныкташы керек»  деген токтомуна таянып, барып жатканын билдирген.
 
Эске салсак, мурда Биринчи май райондук соту Канышай Мамыркулованын доосун кароодон баш тарткан болчу. Сот өзүнүн чечимин мындай маселе менен Боршайком алектенет деп түшүндүргөн.