14.08.2018 13:47

Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырышты. Фото

Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырышты. Фото

Бүгүн, 14-августта Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек мэрине жеке өзү Азиз Суракматовго Бишкек шаарынын мэри күбөлүгүн тапшырды. Абылгазиев жаңы шаар башчыны мэриянын жамаатына тааныштырды. 

Кечээ, Борбордук шайлоо комиссиясы 2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекиткен. Шайлоо өттү деп таанылып, Бишкек шаарынын шайланган мэри «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берери айтылган.  Жаңы шайланган Бишкек шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жаңы шайланган мэрге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү тапшырылган.