30.03.2018 11:40

Аңчылар бир карышкырдын башы үчүн 6 миң сом сыйлык алышат

Аңчылар бир карышкырдын башы үчүн  6 миң сом сыйлык алышат

Аң уулоо учурунда атылган ар бир  карышкыр үчүн кыргызстандыктар 6 миң сом сыйлык алышат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов билдирди.

Эгерде карышкырды чет элдик жаран атчу болсо, тескерисинче, алар мамлекеттин казынасына акча төлөшөт.

Абдыкалык Рустамовдун айтымында, экологиялык коопсуздукту камсыздоо эң маанилүү маселелерден болуп эсептелет.  Бул багытта бир нече программа иштелип чыкты, анын ичинде, жаңгак токойлорун жана саздак жерлерди  сактоо, климаттын өзгөрүшү боюнча, химиялык заттарды башкаруу боюнча  программалар.  Атмосфералык аба боюнча да ченемдик-укуктук документтер иштелүүдө. 

«Андан сырткары, өкмөттүн кароосуна  жел баштыктарды колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун киргиздик. Ошондой эле, инвестиция тартуу үчүн эл аралык уюмдар иштешип жатабыз», — деп кошумчалады мамлекеттик  агенттик башчысы.