26.04.2018 15:00
БААУ имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат текшерилүүдө

Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Мындан улам, университеттин имараты милиция кызматкерлери менен курчалып, ичине эч кимди киргизбей жатышат. Бул тууралуу April.kg порталына күбө билдирди.
Маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Айтымдарында, бүгүн саат 13:37де нөөмөт бөлүмүнө университетте бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окутуучулар менен студенттер окуу жайдан чыгарылды. Учурда имарат милиция кызматкерлеринин курчоосунда.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: