13.04.2018 12:30

Бакиевдин мүлкүн сатуу иши боюнча Бакыт Мураталиев дагы камакка алынды

Бакиевдин мүлкүн сатуу иши боюнча Бакыт Мураталиев дагы камакка алынды

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакыт Мураталиев кармалды.

Ага  дагы 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксаат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча айып тагылууда.

12- апрелде Мураталиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иши уланууда.

Ал эми, ушул эле иш боюнча кармалган Болсунбек Казаковду Биринчи май соту бир айга камакка алып, кошумча 303 - берене ( коррупция) боюнча айыптоодо.