24.09.2018 14:13

Бала бакчага жашы жете элек 4 миңден ашык бөбөк электрондук кезекте турат

Бала бакчага жашы жете элек 4 миңден ашык бөбөк электрондук кезекте турат

Бишкек жана Ошто ата-энелер баласын эртелеп эле бакчага электрондук кезекке тургузган учурлар көбөйүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, учурда кайсы бир топко кошууга жашы жете элек 4 миңден ашык бөбөк кезекте турат. Алардын 3 миң 751и Бишкек шаарында болсо, 311 бала Ош шаарында каттоого тургузулган.

Министрлик бардыгы Бишкекте 74, Ошто 44 мамлекеттик бала бакча бар экенин билдирет. Аларга электрондук кезек күткөндөр балдардын жалпы саны - 13 миң 794: 11 799 бала Бишкекте, 1 995 Ошто. Дагы 1 миң 10 бөбөк бала бакчага кирүү алдында турат.

Бишкек жана Ош шаарларында жалпысынан 42 миң 176 бала бала бакчаларда тарбияланып жатышат.

Эскерте кетсек, бала бакчаларга электрондук кезекке туруу долбоору 2018-жылдан тартып иштеп баштаган.